БИШКЕК. 3-августан тарта Радио толкундарды жайылтуу боюнча республикалык өндүрүштүк бирикме (РПО РМТР) «Азаттык» үналгысынын берүүлөрүн орто жана ультра кыска толкундар аркылуу таратууну токтотот. Бул чечим финансылык маселеге байланыштуу кабыл алынганын өндүрүштүк бирикмеден кабарлашты. Анткени Вашингтондо Чет мамлекеттерде радиоберүүлөрдү уюштуруу боюнча бюро (IBB) деген мекеме бар жана ал "Америка үнү", "Еркин Европа/Азаттык" радиосу, "Ирак радиосу" сыяктуу бир катар Америкадан тышкаркы чет мамлекеттерге багытталган массалык маалымат каражаттарына акча бөлүүнү чечет. Жакында Чет мамлекеттерде радиоберүүлөрдү уюштуруу боюнча бюро (IBB) Кыргызстандагы Радио толкундарды жайылтуу боюнча республикалык өндүрүштүк бирикмеге (РПО РМТР) жыл сайын бөлүп келген каражатты кыскартууну чечти жана буга "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун эч кандай тиешеси болгон жок. Ошондон улам эми "Азаттыкты" орто жана ульра кыска толкунда кармоо мүмкүн эмес. Эми болсо «Азаттык» радиосунун берүүлөрүн угармандар кыска толкундар жана «Алмаз» радиосунун FM жыштыгы аркылуу уга алышат.