Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:27

Евробиримдик 15 качкынды да үчүнчү өлкөгө өткөрүүгө чакырды


БИШКЕК. Өзбекстан бийлиги 439 качкындын Румынияга жөнөтүлүшүн эл аралык күчтөрдүн орой кийлигишүүсү катары баалйт. Бул тууралуу Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги 1-августта тараткан билдирүүдө айтылат. Ырасмий Ташкент Кыргызстандын аймагында кармалып турган өзбекстандыктар региондогу коопсуздукка жана кыргыз-өзбек чек арасындагы кырдаалга коркунуч келтирген эмес деп эсептейт. Ошондой эле Өзбекстан атуулдарынын Румынияга жөнөтүлүшү качкындар макамы жөнүндөгү эл аралык документтерге туура келбейт деп айтылат, Өзбекстандын тышкы иштер министрлиги тараткан билдирүүдө. Өзбекстандык качкындарга байланыштуу Европа Биримдиги да билдирүү таратты. Анда Евробримдик кыргыз өкмөтүнүн качкындарды үчүнчү өлкөгө жөнөтүшүн кубаттап, Кыргызстанда калган 15 качкындын тагдырын да ушул жол менен чечүүгө чакырган.

XS
SM
MD
LG