Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:53

Барскоон окуясын иликтөө боюнча мамлекеттик комиссия түзүлдү


БИШКЕК. Биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Феликс Куловдун буйругу менен Барскоон айылынын тургундарынын арызын териштирүү максатында мамлекеттик комиссия түзүлдү. Анын жетекчилигине биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Медетбек Керимкулов дайындалды. Комиссия курамына каржы, юстиция, саламаттык сактоо, экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлеринин милдетин аткаруучулар, Ысыккөл облусунун губернатору, Жетиөгүз районунун акими кирди.

1998-жылы цианид уусунун төгүлүүсүнөн жабыркаган Барскоон айлынын тургундары 27-июлдан бери Кумтөр жолун тосуп, кенге баруучу автоунааларды өткөрбөй жатышат.

XS
SM
MD
LG