Франциянын тышкы иштер министрлиги бүгүн тараткан маалыматка ккраганда, эгер Иран өзүнүн өзөктүк изилдөөлөрүн кайра жандантса, андан ири эл аралык кризис чыгышы мүмкүн. Премьер-министр Доминик де Вилпендин айтымында болсо, Иран өз изилдөөлөрүн кайра баштаса, маселе Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңешинде каралууга тийиш. Буга чейин мындай талапты АКШ гана айтып келген. Тегеран кечээ күнү Европа Биримдигине талап коюп, эгер алар шашылыш түрдө жаңы сунуш жасабаса, өлкөнүн айрым өзөктүк ишканалары кайрадан аракетке киргизилет деп билдриген. Былтыр өткөн оор сүйлөшүүлөрдөн кийин Иран ноябрда ишканаларын токтоткон жана азыр - ал убактылуу чара болчу деп билдирүүдө.