Дүйнө мусулмандарынын жетекчилери бүгүн Сауд Арабиянын борбору Эр-Рияд шаарына чогулуп, каза болгон падыша Фахд ибн Абдел Азиз ал-Сауддун тажыясына катышты. Сауд Арабияга мусулман мамлекеттеринин жетекчилеринен тышкары Улуу Британиянын мураскор ханзадасы Чарльз, АКШ вице-президенти Дик Чейни жана башкалар келди. Падышанын сөөгү борбор калаадагы мүрзөгө белгиси жок коюлду. Батыш мамлекеттеринин жетекчилеринин көпчүлүгү болсо Риядка эртең, жаңы падыша Абдулланын кызматка киришүү аземине катышуу үчүн келет.