Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:18

Иракта өлгөн америкалык аскерлердин саны 1811ге жетти


Ирактын батышында жол боюна коюлган бомбадан америкалык 14 аскер жана алардын котормочусу набыт болушту. Багдаддын түндүк батышындагы Хадиза деген жерде козголоңчулардын чабуулунан америкалык жоокер жарадар болгону кабарланды. “Франс пресс” агенттигинин ырасташынча, 2003-жылдын мартында АКШ күчтөрү Иракка басып киргенден бери курман болгон америкалык аскерлердин саны 1811ге жетти.

Ирактын түштүгүндө америкалык журналист Стивен Винсенттин жасаты табылды. Журналист менен анын тилмечи шаршемби күнү шамга жуук Басра шаарында уурдалган. Котормочу Нур Вейди оор жарадар экени кабарланды. Стивен Винсент атып өлтүрүлгөнүн АКШ элчилиги тастыктады.

XS
SM
MD
LG