Европа Биримдигинин өкүлү Хавьер Солано Кыргызстандын жаңыдан шайланган президенти Курманбек Бакиевге кат жазып, анда азыр Ошто камакта жаткан өзбекстандык 15 качкындын тагдырына тынчсызданып тургандыгын билдирди. Солано Кыргызстан эл аралык мыйзамдарды , анын ичинде Качкындар жөнүндө конвенцияны аткаруусу зарыл экендигин эскертти. Андан тышкары төрт жүздөн ашуун качкындын Румынияга жөнөтүлгөнүнө ыраазылык билдирди.