Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:38

Мавританияда мамлекеттик төңкөрүш болду


Өлкөнүн борбору Нуакшоттогу мамлекеттик маанилүү жайлардын баарын президенттик гвардиянын отряддары ээлеп алышты. Алар тараткан атайын билдирүүдө “Армия жана атайын кызматтар бийликти эки жылга өз колуна алды. Бул убакыт өлкөдө чыныгы демократиялык институттарды түзүүгө жетет”, деп айтылат. Аскер кызматкерлери президент Маауя Ульд Тайинин тоталитардык режимине каршы чыгышып, демократиялык өлкө куруу үчүн төңкөрүшкө барышты. Мавританиянын президенти төңкөрүш болгон маалда Сауд Арабстандын падышасы Фахддын тажыясында жүргөн.

XS
SM
MD
LG