ЖАЛАЛАБАТ. “Кыргызпочта” ишканасынын облустук башкармасында эртең менен башталган нааразылык жыйын саат экиге чейин улантылды. Жалалабат шаардык почта түйүнүнүн эмгек жамааты эмгек акыларынын аздыгына жана жетекчилеринин маянасы көбөйгөндүгүнө, социалдык жактан коргоонун жоктугу менен иштөө үчүн жакшы шарт түзүлбөгөндүгүнө, жол акысына каражат ажыратылбагандыгына нааразылык билдиришти. Республикалык ишкана жетекчилигин дароо чакыртып, маселени жеринде чечүүнү, транспорт жана коммуникация министрлиги менен президенттикке шайланган Курманбек Бакиевге кайрылуу зарылдыгын, комиссия түзүп, маселени териштирүү керектигин белгилешти. Эмгек акыларын көбөйтүүнү талап кылышып, белгилүү мөөнөткө чейин ал талапты аткарууга убакыт ажыратышты. Талаптары аткарылбаса, өз укуктарын коргоо үчүн башка иш-чараларды уюштураарын, айрым почтачылар белгилегендей, бейшембидеги нааразылык жыйыны кийин иш таштоого айланып кетүүсү мүмкүн экендигин айтышты.