Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:28

Аманбек Карыпкулов Аксы окуясы боюнча сурак берди


БИШКЕК. Аксы окуясы учурунда президенттик админстрацияны жетектеген Аманбек Карыпкулов 4-августта Бишкекте тартип коргоо орган өкүлдөрүнө Аксы окуясы боюча сурак берди. Мындай маалымат Башкы прокурор Азимбек Бекназаровдон алынды. Анын айтымында, бүгүнкү күнгө чейин Аксы окуясы учурунда күнөөлү делинген жогорку бийлик өкүлдөрдүн ичинен Аскар Акаевден башкасы сурак берип бүтүштү жана Аксы окуясы боюча тергөөнүн жыйынтыгы күз айларында коомчулукка маалымдалат. Аксы окуясы учурунда милиция кызматкерлери аткан октон беш атуул каза болгон. Аксы окуясынан жабыр тарткан атуулдар алардын жакындарынын атылышына ошол кездеге президент Аскар Акаев жана Аманбек Карыпкулов күнөөлүү экендигин айтып келишет. Ал эми Аскар Акаев ыңкылапка чейин мындай айыптоону бир нече курдай четке каккан.

XS
SM
MD
LG