Түндүк Кореянын өзөктүк программасы боюнча сегиз күндөн бери Пекинде өтүп жаткан алты тараптуу сүйлөшүү майнапсыз аяктачудай болуп жатат. АКШнын делегациясынын башчысы Христофер Хиллдин айтымында буга Түндүк Кореянын Кытай сунуш кылган декларацияга макул болбой жаткандыгы тоскоол болууда. Ал эми Түндүк Кореянын Тышкы иштер министринин орун басары Ким Ге Гван:
Биз жеңилген мамлекет эмеспиз. А эмне үчүн биз өзүбүздүн тынч жашоо үчүн өзөктүк программабызды иштете албайбыз? Биз бул программадан баш тартуу үчүн АКШ Түндүк Кореяга душмандык мамилесин өзгөртүп, алаканы жакшыртышы керек. Биз АКШнын өзөктүк куралынан коркпогондой болушубуз керек”, - деди.