БИШКЕК. Быйыл алты ай ичинде мамлекеттик мүлктүн менчиктештирилишинен казынага 75 миллион 850 миң сом түштү. Бул аралыкта 14 объекттин акциялары сатылды. Аукциондо Кадамжай сурма комбинатынын акцияларына Казакстандын “АТФ-Инвест” компаниясы ээ болгон. Быйылкы жылдын 1-июлуна карата экономика тармагындагы 114 акицонердик коомдо жана 9 жоопкерчилиги чектелген коомдо мамлекеттин үлүшү бар. Бул тууралуу мамлекеттик мүлк комитетинен билдиришти.