БИШКЕК. 5-августта Жогорку сотто Топчубек Тургуналиевдин үчүнчү кылмыш иши каралып, ал боюнча да Тургуналиев толук акталды. Аны менен кошо беш киши акталды. Мурунку президент Аскар Акаевдин өмүрүнө кол салууга аракеттенген деп, Топчубек Тургуналиев менен кошо беш киши 1999-жылы кармалып, алар ар түрдүү мөөнөткө 2000-жылы кесилген. Бирок 2001-жылы Европа коопсуздук жана кызматташуу уюмунун жыйынынын алдында Аскар Акаев алардын баарын абактан чыгарган. Жогорку сот 5-августтагы чечиминде Тургуналиев жана күнөөлөнгөн беш кишинин күнөөсү болбогондугун белгилеп, аларды толук актады. Ушуну менен Топчубек Тургуналиев ага каршы козголгон бардык кылмыш иштер боюнча акталды. Бирок административдик айыптоолор боюнча актала элек. Топчубек Тургуналиев бул ишти ошол кездеги Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Мисир Ашыркулов уюштурган деп, моралдык жана материалдык тарткан зыяны үчүн ага каршы доо арыз менен сотко кайрылаарын жарыялады.