Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:21

Британия сырттан келгендер үчүн катуу чараларды кабыл алды


Британиянын премьер-министри Тони Блэр өткөн айда Лондондо орун алган жардыруулардай аракеттерди алдын алуу үчүн катаал чаралар кабыл алынганын жарыялады:

- Британияга келүү – бул укук эмес, бул жакка келген адамдар үчүн айрым милдеттенмелер бар. Биздин өлкөдө жашагысы келгендер британ элинин баалуулуктарын кабыл алышы керек. Ушул милдеттенмени кабыл алгысы келбегендер үчүн жол жабык.

Премьердин айтымында, дүйнөнүн кайсыл бурчунда болбосун террордук аракетке тиешеси бар адам Британияда башпаана ала албайт, андан сырткары экстремисттик уюмдардын интернет-сайттары, китеп дүкөндөрү жана башка аракеттерине катышы бар чет элдиктер өлкөдөн чыгарылат.

XS
SM
MD
LG