Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:54

Евробиримдик Иранга кызматташтык долбоорун сунуштады


Европа Биримдиги өзөктүк куралды жайылтпоо жөнүндөгү эл аралык келишимди бузбаса, Ирандын турмуштук максатта атомдук энергия өндүрүү укугун тааный турганын билдирди. Биримдик бүгүн Тегеранга өзөктүк курал даярдоо ниетинен баш тарттыруу максатында экономикалык жана коопсуздук багытындагы кызматташтык долбоорун сунуш кылды. Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик – МАГАТЭнин өкүлдөрү 9-августта Ирандын өзөктүк программасы боюнча жыйын өтөөрүн жарыялады. МАГАТЭнин өкүлү жыйын Франция, Германия, Британиянын сунушу боюнча чогулуп жатканын кошумчалады. Ирандын тышкы иштер министрлиги Тегеран Евробиримдиктин жаңы сунушуна жообун эки күн ичинде берет, деп билдирди.

XS
SM
MD
LG