Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:21

Эсенгул Ибраев дүйнө салды


БИШКЕК. 5-август күнү кыргыз эл акыны Эсенгул Ибраев 72 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Коомчулукка чыгаан сатирик жана лирик акын катары таанылган маркум Эсенгул Ибраев чыгармачылык жолунда ырлардан, сатиралардан жана поэмалардын куралган 20дан ашык жыйнак чыгарган. Алардын катарында айтылуу «Биз – аталар мурасы», «Турмуш агымдары», «Ичиң күйсө», «Күндөр - менин канатым», «Мидинден кат», «Эсенгулдун ырлары» өңдүү китептери бар. Мындан тышкары акын дүйнөлүк акындардын ырларын которуп, 7 китеп чыгарган. Эсенгул Ибраевге 1994-жылы “Маданиятка эмгек сиңирген ишмер”, 2001-жылы “Эл акыны” наамдары ыйгарылган. Маркумдун сөөгү 8-августта Аларча көрүстөнүнө коюлат.

XS
SM
MD
LG