БИШКЕК. Кыргызстандын мамлекеттик ветеринария департаменти Орусия жана Казакстандын айрым областарынан тоок жана тооктун этинен жасалган азыктарды ташып келүүгө тыйуу салды. Аталган департаменттин башчысы Талантбек Узакбаевдин 3-августтагы буйругуна ылайык, адегенде Орусиянын Новосибирск, Омск, областарынын ал эми 4-августтагы буйругунун негизинде Казакстандын Павлодарск областынан тоок этин ташууга тыю салынды. «Мындай иш чара тоок этинен жугуучу ооруну алдын алуу максатында жасалды» деп маалымдашты Ветеринария департаментинен.