Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:57

Укук коргоочулар өзбек бийлиги издөө салган кыргызстандыктарды жакташат


БИШКЕК. Өзбекстан бийлиги Анжиян окуясына катышы бар деп болжоп, издөө салган 300 чамалаш адамдын 100дөн ашыгы - кыргызстандыктар. Бул тууралуу «Жарандык коом корруицяга каршы» борборунун төрайымы Төлөкан Исмаилова укук коргоочулардын Фергана тармагынын маалыматына таянып билдирди. Анын айтымында, тизмедегилердин үчөө Ош шаарындагы тергөө абагына камалып, кийинчерээк алардын экөө тил кат берип, бошонуп чыгышкан. Укук коргоочулар өзбек бийлиги тизмеге киргизген кыргызстандыктар тууганчылап барып, Анжиян окуясына кокустан тушуккан Ош, Араван аймагынын жай тургундары деп эсептешет. Борбор жагдай боюнча буга чейинки иликтөөлөрдүн жыйынтыгын келерки аптада чыгармакчы. Укук коргоочу уюмдар иликтеп жаткан бул маселе боюнча коопсуздук кызматы эч кандай маалымат тарата элек. Ал эми Башкы прокуратура бул боюнча маалыматы жогун мурдараак билдирген.

XS
SM
MD
LG