Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:23

АКШ департаменти Европа, Евразия маалымат каражаттарына баа берди


БИШКЕК. АКШ департаменти «Европа жана Евразиядагы маалымат каражаттарынын 2004-жылкы туруктуулук индекси» аттуу төрт жылдык отчетун жарыялады. «Отчет басмага берилип жаткан учурда Кыргызстандагы маалымат каражаттары баш аламан абалында кала берүүдө, бул күтүүсүз тыянактарга алып келиши ыктымал» деп айтылат докладда. Докладда ошондой эле эгер Акаевдин тушунда иштеген эски саясатчылар мурдагы ыкмаларды пайдаланбаса Кыргызстандагы окуялар Борбор Азиянын басымдуу бөлүгүндө алсызданып калган маалымат каражаттарынын илгерилешине шарт түзүшү ыктымал экендиги белгиленген. АКШ департаменти даярдаган бул отчет 20 өлкөнүн маалымат каражаттарынын төрт жыл ичиндеги абалы төрт критерийде иликтенип, терс өңүттөгү үч тенденцияны белгилеген. Башкача айтканда, доклад сөз эркиндигине, маалымат каражаттарынын ар түрдүүлүгүнө, жеткиликтүүлүгүнө, журналистиканын кесиптик стандарттарына, көз карандысыз маалымат каражаттарын колдоочу институттарына көңүл бурган. Кемчилик катары сөз эркиндиги боюнча мыйзамдарды пайдалануунун жетишсиздиги, журналисттердин ар тараптуу даярдыгынын жоктугу, жер-жерлерде цензура бар экендиги белгиленген.

XS
SM
MD
LG