Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:54

Бишкекте Хиросима, Нагасаки алааматы эскерилди


БИШКЕК. 6-августта Жапаниянын Хиросимо шаарына атомдук бомба ыргытылганына 60 жыл болду. Буга байланыштуу Бишкектеги кыргыз-жапан кызматташтык борбору «Тынчтык күнүн» өткөрүп, өзөктүк куралдын курмандыктарын эскерди. «Биздин балдарыбыз үчүн ачык асман!» деп аталган бул иш чарада Хиросимадагы тынчтык музейи сунуштаган плакаттардын, балдар сүрөттөрүнүн көргөзмөсү болду. Алааматтын кесепети менен күрөшүп жүрүп, он жылдан кийин каза болгон Садако аттуу 12 жашар кыздын бөлмөсү ачылды. Садако өмүрүн узартуу тилеги менен кагаздан миң нуска турна жасаган.

1945-жылы АКШнын аба аскерий күчтөрү Хиросима шаарына төрт тонналык уран бомбасын, үч күндөн кийин Нагасаки шаарына плутоний бомбасын таштаган.

XS
SM
MD
LG