Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:13

АПТАНЫН МАДАНИЙ ОКУЯЛАРЫ


Бул жумада белгилүү эстарада ырчысы Муктар Атаналиев уюштурган “Эл ырчысын эл тандайт”аттуу жаш таланттардын сынагы өттү. “Сорос Кыргызстан” фондусу Искусство жана маданият деген программанын негизинде маданият жаатындагы долбоорлорду кабыл алууну баштады

Аптанын шейшемби жана шаршемби күндөрү борборубуз Бишкекте ырчы Муктар Атаналиев уюштурган “Эл ырчысын эл тандайт” аттуу кароо-сынак болуп өттү. Ага Чүй өрөөнүнүн таланттуу улан- кыздары катышышты. Сынактын жүрүшүндө алардын айрымдарын кепке тарттык.

- Менин атым Руслан. Искусство институтун бүтүргөм. Бул конкурска талантымды сынайын деп келгем. Азыр жыйынтыгын күтүп жатам. Башында келгенде эле уюштуруучулар тааныш деген болбойт деп айтышкан.Менин байкашыма караганда калыстык менен эле өтүп жатат.

- Менин атым Лариса. Бул сынакка “Туулган жер” деген ыр менен катышып жатам. Конкурсанттардын баары эле жакшы даярдык менен келишиптир. Аябай кызыктуу өтүп жатат. Жаш таланттарга мына ушинтип көңүл бөлүп жатканына кубанычтабыз. Бул жерден конкурсанттар менен таанышып, өзүбүзгө көп таасирлерди алып жатабыз.

Аталган конкурстун башталганына үч айдын жүзү болду. Бул арада уюштуруучу топ Кыргызстандын аймактарын кыдырышып, он алты жаштан жыйырма беш жашка чейинки таланты бар, кыргыз эстрадасына салым кошсом деген улан- кыздарды тандашты. Сынакты уюштуруучу Муктар Атаналиев анын жүрүшү тууралуу буларга токтолду:

- Мен эми гастролдо көп жүрөм да. Барган жерден эле жаш таланттар жолугуп, кантип ырдасак болот деп эле суроо берип калышчу. Мен өзүмдүн тобума алайын десем ашып кетсе беш киши алам. Ошентип ойлонуп жүргөндө искусство тармагында көп жылдан бери эмгектенген Абдыш Айылчиев деген тууганым жолугуп калып, анан экөөбүз бул конкурсту уюштуруп, жаздан бери иштеп жатабыз.

Бардык аймактардан бул конкурска миңге жакын конкурсант катышып, анын ичинен сексенден ашык жеңүүчү аныкталды. Сынакта утуп чыккан жаш таланттар эмки аптада, тогузунчу, онунчу, он биринчи августта борборубузда өтүүчү республикалык кароо-сынакта мөөрөй талашууга укук алышты.

***

Маданиятты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын алдындагы маданият фондусунун жетекчиси Искендер Турдубаев менен И.Арабаев атындагы университеттин чыгыш тилдер институнун жетекчиси Бектемир Жумабаев Тоолуу Алтайда өткөн “Жаратылыштын жана маданияттын биримдигинин түрдүүлүгү” деген конференцияга катышып келишти. Конференция Алтай окумуштуулары , ЮНЕСКОнун жооптуу катчысы ошондой эле Бельгиянын, Казакстандын өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөн. Төрт күнгө созулган бул конференция туурасында Бектемир Жумабаев төмөндөгүлөргө токтолду:

- Негизинен конференция төрт күнгө созулду. Алгачкы эки күн жыйын өтүп, андан соң ЮНЕСКОнун тизмесине кирген Алтайдын жерлерин көрсөтүштү. Маселен “Төлөс Көл”жана тарыхый эстеликтери көп “Оң кудай” деген жерлерин көрдүк.

Бектемир Жумабаев маектин жүрүшүндө Алтай мамлекеттик университети менен келишим түзүшүшкөндүгүн жана ал келишим боюнча Алтайдан жылына төрт-беш студент билим алганы Кыргызстанга келише тургандыгын айтты.

***

“Сорос Кыргызстан” фондусу Искусство жана маданият деген программанын негизинде маданият жаатындагы долбоорлорду кабыл алууну баштады. Бул конкурска мамлекеттик жана бейөкмөт уюмдар менен бирге жеке чыгармачыл адамдар катыша алышат. Аталган программанын кординатору Алмаш Найзабекованын айтымында, көпчүлүк учурда элет жериндеги маданий уюмдар мындай нерседен четте калып калышкапндыктан бул конкурска көбүнчө айыл жериндеги маданий уюмдардын катышуусу талап кылынууда:

- Конкурстар болгондо көбүнчө алар бул жакка келгенге же болбосо биз ал жакка барганга мүмкүнчүлүгүбүз болбой алыскы жерлердеги маданий уюмдарыбыз калып калат. Ошондуктан бул жолу элет жериндеги маданий уюмдардын катышуусун талап кылып жатабыз. Долбоорлор келгенде биз өтө катуу талдоого албайбыз. Себеби кайсы бир долбоорду татыктуу эмес деп жибербей койсок, балким ал жактан колдоодон өтүп калат. Ошондуктан баардык долбоорлорду Будапештке жиберебиз. Ал жерден эксперттик комиссия талдап чыгат.
XS
SM
MD
LG