Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:17

Маданият күндөрүндө орус-кыргыз биргелешкен отуруму өтөт


БИШКЕК. 8-10-сентябрда өтөөрү күтүлүп жаткан Кыргызстандын Москвадагы маданият күндөрүнө камылга көрүү максатында 8-августта Москвага эксперттер тобу барганы жатат. Маданият тармагынан алынган маалымат боюнча Москвадагы маданият күндөрүнө 200 чамалаш өнөрпоз катышаары күтүлүүдө. Буга байланыштуу 5-августта вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Ишенгүл Болжурова уюштуруу комитетинин жыйынын өткөргөн. Анда белгиленгенге караганда, Кыргызстандын маданият күндөрүнүн алкагында Москвада соода-экономикалык, илимий-техникалык, гуманитардык жана маданий багыттагы кызматташтык боюнча комиссиянын биргелешкен отуруму жана инвестициялык форуму өтмөкчү.

XS
SM
MD
LG