БИШКЕК. 8-августта НАТО уюмунун «Тынчтык үчүн өнөктөштүк» программасынын алкагындагы эл аралык семинарга катышуу үчүн Жогорку Кеңештин депутаттарынын жоон тобу Германияга жөнөп кетти. Бир аптага созула турган бул иш чарага катыша турган депутаттардын катарында Кубатбек Байболов, Дооронбек Садырбаев, Каныбек Иманалиев өңдүү депутаттар бар. Бул тууралуу «Азаттыктын» кабарчысына Дооронбек Садырбаев билдирди. Ал эми Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаевдин айтымында, бул НАТО долбоорунун алкагында ишке ашып келаткан салттуу иш чара жана ага Кыргызстандын ар кайсы тармактарынан жылына өкүлдөр катышып турат.