Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:29

Иран БУУнун Коопсуздук кеңешинин санкциясынан чоочубайт


Иран Евробиримдиктин анын өзөктүк програмасынын айланасындагы кризисти жөндөө боюнча соңку сунуштарын ылайыксыз деп эсептерин кайрадан кайталады. Себеби Евробиримдик Ирандын өзүндө толук өзөктүк циклге ээ болуу укугун калтыруу жөнүндө талабын орундаткан эмес. Тегерандын сунушту четке кагуусу эми маселе БУУнун Коопсуздук кеңешине берилиши мүмкүн деген жоромолдорду жараткан эле. Иран тышкы иштер министрлигинин өкүлү Хамид Реза Асефи буга байланыштуу бүгүн мындай деди:

-Мен европалыктарга коркутуудан карманууну сунуштар элем. МАГАТЭ Ирандын өзөктүк прогрммасын талкуулоо үчүн европалыктардын өтүнүчү менен шейшембиде чукул жыйынга чогулууда. Биз бул маселени БУУнун Коопсуздук кеңешине берүү мыйзамсыз жана саясатташкан кадам болмок эсептейбиз. Бирок бул ишке ашса, бизди эч тынчыздандырбайт. Кандай жолду тандап аларын европалыктар өздөрү чечиш керек.

Евробиримдик Иранга жеңил суудагы реактор үчүн отун берүүнү бирок иштетилген отун кайра кайтарылуусун сунуштаган эле. Анткени иштетилген отун да өзөктүк курал жасоодо колдонулушу мүмкүн.

XS
SM
MD
LG