Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:59

Жерүй алтын кенин иштетүү долбооруна өзгөртүү киргизилүүдө


ТАЛАС. “Жер үй” алтын кенин иштетүү лицензиясы Кыргыз өкмөтү тарабынан алынып коюлгандыгына карабастан, “Норокс” фирмасынын туунду ишканасы эсептелген “Талас голд майнинг компани” ишканасы кенден алтын казып алууга даярдык иштерин улантып жатат. Алгачкы долбоордо алтын рудасы кен чыккан жеринин өзүндө курула турган фабрика да иштетилмек. Бирок алгачкы жер пай даярдоо учурунда кыртыш алдынан суу чыгып, эми фабрика Кулмамбет жайлоосунда курула башталды. Уулуу калдыктар сакталуучу жай фабрикадан анча алыс эмес жайда болот. Руда казылчу тоо кыркаларында оюлма жолдор салынып, электр линияларын тартуу кызуу жүрүүдө. Бирок кен казуу лицензиясы ушул фирмага кайтарылабы, же жаңы фирмага берилеби белгисиз.

XS
SM
MD
LG