Сауд Арабиядагы абал курчуп, коопсуздук маселелеринен улам өлкөдөгү АКШ элчилиги бүгүндөн тартып эки күнгө жабылгандыгы тууралуу кабар тарагандан кийин, Сингапур шаарынын биржасындагы бир баррел мунайдын баасы 63 долларга чейин көтөрүлүп, жаңы рекорд койду. Америкалык кызыкчылыктарга каршы террор аракеттери көрүлүшү мүмкүн деп, Вашингтон Эр-Рияд шаарындагы элчиликти жана Жидда менен Дхаран шаарларындагы консулдуктарды жапкан. Улуу Британиянын коопсуздук кызматы 8-августта тараткан маалыматка караганда болсо, Сауд Арабияда батыштыктарга каршы ири террор аракети даярдалып бүтүп калды жана ал аэропортто ишке ашырылышы мүмкүн.