Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:42

Өзбек качкындарына байланыштуу сот башталат


11-августта Бишкектеги райондор аралык сотто өзбек качкындарына байланыштуу арыз карала баштайт. Бул тууралуу качкындар укугун коргоо багытында иштеген «Адилет» укуктук уюмунун жетекчиси Чолпон Жакупова билдирди. Анын айтымында, Кыргызстандын миграциялык кызматы үч өзбек бозгунуна качкын макамын бербей койгон. Мына ошого байланыштуу «Адилет» уюму сотко кайрылган жана 11-августта сотто бир бозгундун иши карала баштайт. Учурда Оштогу тергөө абагында 15 бозгун бар. Алардын он экисин Бириккен Улуттар уюмунун качкындар боюнча башкармалыгы өз коргоосуна алып, качкын деп тааныган.

XS
SM
MD
LG