БИШКЕК. Эмдиги жылдан тарта Кыргызстанда улуттук аскердик форма киригизилет. Соңку он жылда КМШнын бардык мамлекеттеринин куралдуу күчтөрү өз формасына өткөн. Бирок Кыргызстан гана бүгүнкү күндө советтик форманы кийет жана жылына Орусиядан бул форманын пагондорун жана жака, топчуларын сатып алып турат. Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдиргенге караганда, жаңы улуттук форма Кыргызстанга гана тиешелүү белгилери, улуттук өзгөчөлүгү менен айрымаланып турат. Ал эми улуттук аскердик форманы тигүү милдетин Атамекендик өндүрүш мойнуна алат.