БИШКЕК. Курманбек Бакиевдин ант берүү аземине Орусиянын Федералдык кеңешинин төрагасы Сергей Миронов катышат. Бул максатта ал Кыргызстанда расмий сапар менен 13-14-августта болот. Бул тууралуу Орусиянын маалымат каражаттары кабарлашты. Курманбек Бакиев менен орус президенти Владимир Путиндин телефон аркылуу 8-августта сүйлөшкөнүн президенттин маалымат кызматы тастыктады. Маалыматка караганда, эки лидер Кыргызстан менен Орусиянын өз ара кызматташуусу боюнча пикир алмашты.