Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:12

ЭЛЕТТИК ОЙЛОП ТАБУУЧУ


«Эл ичи- өнөр кенчи» дегендей элет жеринде техниканын тилин билген, ал түгүл өздөрү ойлоп таап, жоктон бар кылган жаштар да бар. Ошондой техникага шыктуу жигиттин бир - Ишен Исмаилов Аксуу районунун Керегеташ айылында жашайт.

Керегеташ айылында 20 жылдан бери механизатор болуп иштеген Ишен Исмаиловду айылдаштары бекеринен «профессор» деп аташпайт. Себеби, техникага ынак бул жигит өз колу менен буудай тазалагыч жасаган. Мурдакы сүт тартып, каймак чыгарган техникадан башкача электр тогу менен иштөөчү аппарат да ойлоп чыгарган.

Өзү жасаган буудай тазалагычы менен тааныштырып, анын иштөө механизми, өндүрүүмдүүлүгү тууралуу Ишен буларды айтып берди:

- Бир күндө 4-5 тонна буудайды тазаласа болот. Ташы бул жерге, дандуу буудайы бул жакка, чүрүш- бүрүш эгин ары жакка түшөт. Чаң, топону тигил жерге чогулат. 220 вольттогу электр кубаты менен иштейт. Коопсуздугу, жөнөкөйлүгү, ыңгайлуулугу менен айырмаланат. Муну иштеткен киши өзү эле чарчабаса, бул техника бир күн боюу тынбай иштеп берет.

Ишен сөзүн андан ары кантип техникага кызыгып калганы тууралуу улады:

- Менин техникага кызыгып, мындай шыктын болушу- таякемдерден калса керек. Телевизордун түрүн да чукулап жүрүп, үйрөнүп алгам. Мүмкүнчүлүк жоктугунан көп ойлоп койгон техниканы жасоону ишке ашыра албай жүрөм. Көп ойлор, пландар бар.

Эч кандай техникалык билими жок Ишен Исмаилов бузулган телевизордун тетиктеринен 6 жана 12 вольттогу электр тогун заряддап токтогуч аппарат жасаган. Муну өзү ойлоп тапкан сүт тарткыч машинаны иштетүүгө, автоунаанын аккумуляторуна ток чогултууга, электр жарыгы өчкөндө убактылуу жарык кылууга пайдаланып келет.

Элеттик ойлоп табуучу Ишен Исмаиловдун таякеси Алмаз да чакан трактор курап, жасап чыккан. Ишен да таякесиндей болуп айыл жерине ыңгайлуу кичитрактор жасоо үчүн тетиктерди даярдап жүргөнүн керегеташтык уста Жолдошбек Карыбаев белгиледи:

- Ишенди “профессор” дейбиз. Айылдагы трактор, автоунаанын баарын оңдойт.Өзү да чакан трактор чогултуп, курап чыгуу үчүн тетиктерди жыйнап жүрөт. Эгерде, техникалык билим алса, мындан дагы мыкты жабдууларды ойлоп тапмак экен. Колу жука болуп, ойлогон оюн кыстаган турмуш жеңип турган учуру.

Керегеташтык ойлоп табуучу Ишендин колго жасалган устарасын, арымы кенен, жеңил, ыңгайлуу тырмоогун көрүп, эски телерадиолорду чогулткан коллекциясы менен да тааныштык. Ал түгүл өзү айдап жүргөн «Т-150» үлгүсүндөгү трактордун үнөмдүүлүгүн жана күчтүүлүгүн арттыруу үчүн «Маз» үлгүсүндөгү автомашинанын кыймылдаткычын орнотууга даярдап жатканына күбө болдук.

Чынында элет жеринде Ишен сыяктуу техникага ынак ойлоп табуучулар кеп- кеңешке муктаж. Тилекке каршы, өлкөдө аларга багыт берилбей же алардын өнөрүн баалоочу көргөзмөлөрдү уюштуруу колго алынбай келгенине Кыргызстандын инженердик академиясынын президенти, техника илимдеринин доктору Самүдүн Абдраимов мындайча токтолду:

- Мындай шыктуу жигиттер башка айылдарда деле кезигет. Улуттук илимдер академиясы, билим берүү жана айыл чарба министрликтери, Кыргыз патент жана башка уюмдар биргелешип, ушундай айылдык ойлоп табуучулардын көргөзмөлөрүн уюштуруп, аларга багыт берип, колдоого алсак дурус болоор эле. Элеттик ойлоп табуучулар айыл жерине ылайык, элге кеңири керектелүүчү техникалык жабдууларды жасап жүрүшөт.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG