1990-жылдарда Боснияда болгон ич ара согуш учурунда аскерий кылмыш жасаган деп күнөөлөнгөн дагы бир адам Аргентинада кармалды. Сербдердин "Ак шумкар" деген аскерий тобун жетектеген Милан Лукич эми Гаага шаарындагы аскерий трибуналга өткөрүп берилүүгө тийиш. Ал 1992-жылы Вышеград шаарында 132 босниялык мусулманды өлтүргөн деп күнөөлөнүүдө.