Жапониянын Нагасаки шаарына АКШ тарабынан атом бомбасы ташталганына бүгүн 60 жыл толду, андан 70 миңден ашык адам курман болгон. Бүгүн шаарда өткөрүлгөн эскерүү жыйынына премьер-министр Дзюнитиро Коидзуми да катышты. Жыйында чыгып сүйлөгөн Нагасаки мэри Иччо Итонун айтымында, өзөктүк курал жоюлмайынча, дүйнөдө толук тынчтык болбойт:
- Америка Кошмо Штаттарында азыр 10 миң өзөктүк дүрмөт бар, алар жер алдында сыноо да өткөрөт жана эң коркунучтуусу - алар чакан атом бомбасын өндүрүүгө даярданууда. Алар ушундай аракеттер дүйнөгө тынчтык алып келет деп ойлойбу? Биз билебиз, элдин көпчүлүгү өзөктүк куралдын жоюлушун каалайт, биз дүйнөгө тынчтык орнотууга тийишпиз.
1945-жылдын 6-августунда болсо АКШ Хиросима шаарына да атом бомбасын таштаган жана андан 140 миңден ашык адам курман болгон.