Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму Азербайжандын бийлигинин оппозициянын көрүнүктүү өкүлдөрү тууралуу чогултулган маалыматтарды жок кылуу чечимине жогору баа берди. Маалыматтар мындан эки жыл мурун, нааразылык акцияларынан кийин чогултулуп, анын негизинде 7 адамга жаза берилген болчу. Азербайжандын соту өткөн жумада “Йени мусафат” гезитинин башкы редактору Рауф Арифоглыга берилген жазаны жокко чыгарды. Ал өткөн жылы ар кандай түрмө жазасы берилген 7 оппозиционердин бири болчу. Калган алты оппозиционерге берилген жазалар да алынып салынды. ЕККУ Азербайжандын саясий күчтөрүнүн ортосунда диалог жүргүзүүгө бул окуя жол ачат деп баалап жатат.