Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:56

Баткен жана Фергана облустарынын бийлик өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсү натыйжасыз аяктады


БИШКЕК.Өзбекстан Баткен-Ош жолунун боюна, Кадамжайдын Айрыбас айылына жакын жердеги мурда алынган чек ара бекетин кайра орнотууга аракет жасоодо. Шейшемби күнү бул маселени чечүү боюнча Өзбекстандын Шахимардан анклавында Баткен жана Фергана облустарынын бийлик жана чек ара кызматтарынын өкүлдөрү жолугушуп, сүйлөшүү натыйжасыз аяктады. Бул тууралуу Баткен облустук акимчилигинин укук коргоо жана коргонуу бөлүмүнүн башчысы Таштемир Эшалиев “Азаттыкка” 10-августта билдирди. Анын айтымында, өзбек тарап чек ара бекетин орнотуу максатынан кайтпай жатат. Ошол эле учурда кыргыз тарап кошуналарга мындай кадамга барчу болсо өздөрүнө жараша чара көрүлүп, Сох анклавын Өзбекстан менен байланыштырган жол жабылышы мүмкүндүгүн эскерткен. Таштемир Эшалиев мындан сырткары Өзбекстан бул аракети менен 2002-жылы түзүлгөн эки тараптуу келишимди одоно түрдө бузуп жатканын кошумчалады. Бул маселе боюнча тараптар кайра сүйлөшүү үчүн 11-августта Анжиян шаарында жолугушат.

XS
SM
MD
LG