БИШКЕК. 10-августта Бишкекте жаштардын укук коргоо уюму ачкачылыкта отурган темир жолчуларды колдоп, нааразылык чарага чыгышты. Алар колдоруна «Гүлнара Керимбаевага өзүн өзү өрттөөгө жол берилбесин!», «Кыргыз өкмөтү темир жол тармагындагы абалга көңүл бурсун!» деген плакаттарды кармап турушту. Бүгүнкү күндө темир жол башкармалыгынын 4 жумушчусу ачкачылык акциясында отурат. Алар башкармалыктын жаңы жетекчиси темир жолчу болбогондуктан аны кызматтан бошотуу, тармактагы коррупциялык иштерге бөгөт койуу талаптары менен турушат. Ал эми Темир жол башкармалыгынын жаңы жетекчиси Кыдыкбек Исаев тармакты сөзсүз эле темир жолчу башкарышы керек деген талап туура эместигин айтат. Учурда өкмөттө темир жол тармагындагы абалды текшерүү боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
Ачкачылыкта отурган Гүлнара Керимбаева 14-август күнү өзүн өзү өрттөө акциясын өткөрө тургандыгы тууралуу билдирген.
Ачкачылыкта отурган Гүлнара Керимбаева 14-август күнү өзүн өзү өрттөө акциясын өткөрө тургандыгы тууралуу билдирген.