Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:13

Президенттин ант берүү аземине АКШнын соода министри келет


БИШКЕК. Кыргызстандын президентинин ант берүү аземине АКШнын расмий делегациясын соода министри Карлос Гутьеррес жетектеп келет. Ал эми аталган аземге катышуу үчүн Украинадан келе турган делегацияны өлкөнүн тышкы иштер министри Борис Тарасюк жетектейт. Украинанын делегациясы Бишкекте 13-14-август күндөрү болот. Борис Тарасюк Кыргызстандын жаңыдан шайланган президенти Курманбек Бакиев жана башка жетекчилер менен жолугушат. Бул тууралуу 10-августта президенттин маалымат кызматынан билдиришти. 14-августта өтүшү белгиленген кыргыз президентинин инаугурация аземине Тажикстан менен Казакстандын президенттеринин жана жакынкы, алыскы чет өлкөлөрдүн өкмөттөрүнүн өкүлдөрүнүн келиши күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG