Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:44

Качкындар маселеси иликтенүүдө


БИШКЕК. Бириккен Улуттар уюмунун Качкындар боюнча комиссарлыгынын эксперти ушул күндөрү Ош шаарында кармалып турган өзбек качкындары менен жолугушууда. Анын башкы максаты: азырынча Качкындар комиссарлыгы тарабынан качкын макамы бериле элек үч өзбек атуулуна байланыштуу материалдар менен жакындан таанышуу жана аларга качкын макамын берүү маселесин аныктап чыгуу. Буга чейин алар оор кылмыш иштерин жасаган деген материалдар өзбек тарабынан Кыргызстандын Башкы прокуратурасына жиберилген.

Жакында Европанын үч өлкөсү Кыргызстандагы 15 качкынды тең кабыл алууга даяр экендигин расмий билдиришти. Буга чейин Баш прокурор Азимбек Бекназаров эгерде кайсы бир өлкөлөр 15 качыкынды алууга даяр болсо, алар ошол өлкөлөргө өткөрүлүп берилээри тууралуу билдирген.

XS
SM
MD
LG