Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:35

Кыргызстандын өнөр жайы төмөндөөдө


БИШКЕК. 2005-жылдын жарым жылдыгында КМШ мамлекеттеринин ичинен Кыргызтандын өнөр жайы өсүү темпи боюнча эң артта калууда. Алты айда өлкөнүн өнөр жайы өндүрүш көлөмүн 9.8% төмөндөтүп жиберген. Бул тууралуу шериктештиктин статистикалык комитети кабарлады. Ал эми Азербайжан 20.1% өсүш менен биринчи орунга чыккан. Андан кийин 12.8% менен Грузия жана 10.5% менен Беларус экинчи жана үчүнчү орунду ээлеген. Коңшулаш Казакстандын өнөр жайы 7%, Тажикстандыкы 8.9% өскөн. Ички дүң продуктынын өсүшү боюнча Кыргызстан артта калууда. Жарым жылда ИДП 2.4% гана өскөн.

XS
SM
MD
LG