БИШКЕК. Өлкөнүн башкы прокуратурасы 11-августта билдирүү таратты. Анда адам укуктары боюнча президент алдындагы комиссиянын төрагасы Турсунбек Акундун «Башкы прокурор кээ бир кишилер менен жең ичинен келишип алды» деген сөзүнө нааразылык билдирилип, бул прокуратуранын беделине олуттуу шек келтирет деп айтылган. Башкы прокурорлукка дайындалгандан бери Бекназаров прокуратуранын ишин ачык-айкын жүргүзүүгө аракеттенип, олуттуу маселелер боюнча такай маалымат жыйынын өткөрүп келатат. Ошондуктан Турсунбек Акундун прокуратура көп нерселер боюнча үн катпайт дегени чындыкка туура келбейт. Ал эми Башкы прокурордун кепилдиги менен Кыргызстанга келген шектүү адамдар боюнча тергөө иштери жүрүүдө жана анын жыйынтыгында алардын күнөөсү далилденсе, жазасын алышат, деп белгиленген билдирүүдө.