Өлкөнүн жаңы Конституциясынын долбоорун талкуулоо азыр жыйынтыктоочу баскычка келди. Документин долбоору 15-августка карата даярдалып бүтүшү керек. Шийттердин лидери Абдул Азиз ал-Хаким бүгүн Нажаф шаарында миңдеген адамдар катышкан митингде сөз сүйлөп, өлкөнүн түштүк чөлкөмүн толугу менен федералдык мамлекеттин ичиндеги автономияга айландыруу чакырыгы менен чыкты:
- Федерализмден чоочубоо керек. Тескерсинче бизге убактылуу административдик мыйзамдар берген укукту колдонуп, Ирактын түштүгүндө федерациянын жок дегенде бир субъектисин түзүүнү тездетүү зарыл.
“Рейтер” агенттигинин жазганына караганда, эгер мындай автономия түзүлсө, ал Ирактын калкынын жарымын жана мунайга бай аймактарды камтыйт. Мунун аралыгында Багдаддан премьер-министр Ибрагим ал -Жаафаринин өкүлү бирдиктүү шийит чөлкөмүн түзүү жөнүндөгү концепция кабыл алынгыс экенин билдирди. Федеративдүү мамлекетти куруунун негизги принциптери жана жаратылыш байлыктарын бөлүштүрүүнүн тартиби - азыр жаңы Констиуцияны даярдоодо Ирактын саясатчылары тарабынан талкууланып жаткан негизги эки маселе.