АКШда Иракта курман болгон солдаттардын жакындарынын нааразылыгы күчөп баратат. Техастагы ранчосунда эс алып жаткан президент Жорж Буштун үйүн ушул тапта былтыр уулунан айрылып калган Синди Шиихан деген аял пикеттөөдө. Ал президенттин өзү менен жолугушуп, андан Иракта чындыгында канча жоокер каза болгонун, жоокерлер ал жакка эмне максат менен жиберилгенин билгиси келет.
Жоокерлердин үй бүлө мүчөлөрүнөн куралган "Голд Стар Фэмилиес Фор Пиис" деген уюмду уюштурган Синди Шиихан телефон аркылуу «Азаттыктын» Вашингтондогу кабарчысына: "бизди түйшөлткөн суроолор президентке таасир этпегеген шекилдүү", деп нааразы болгон:
- Президент биздин аракетибизден таасирленбеген шекилденет. Анын биз менен былтыркы өткөргөн жолугушуусу президенттик шайлоо алдындагы ойун гана болгон шекилдүү. Анда биз менен жоллукканда президент терең капа болгонун айткан эле. Бирок мен ал биз менен саясий упай алуу үчүн гана жолушту деп эсептейм.
Синдинин айтымында, ал президент менен алгачкы ирет жолугушканда, уулунун өлгөнүнө терең кайгыргандан көп нерсени элес албай турган учуру болгон. Эми дейт ал, мен терең кайгыруудан чыктым, мен дагы эле аза күтүп отурам, бирок азыр көп нерсеге көзүм ачылып, ачуум келип турат, дейт Синди.
Ал уулу бекерден-бекер өлгөнүнө көзү жеткенин айтып, Буш Ирактагы жоокерлер ыйык иш үчүн өлгөн, деп айтканды токтотуусу керек, деп талап кылды.
Президент аны менен жолугушуудан баш тартып жатканына карабастан, Синди Шихан өз максатына жеткенин айтат. Ал Иракта жаш уландардын өмүрү текке кыйылып жатканына карапайым элдин, дегеле АКШ коомчулугунун көңүлүн бура алганын кошумчалайт.
Баласынан ажыраган эне Буштун эс алуусу аяктап, ал Вашингтонго кайтканда, баш калаага барып, Ак үйдү пикеттегени жатат.