Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:47

Ирактын Конституциясынын долбооруна жаңы сунуштар айтылууда


АКШнын президенти Жорж Буш Ирактын Конституциясын даярдап жаткан комитет долбоорду өз убагында даярдайт деп ишенээрин билдирди. Анын айтымында, Конституция өз убагында бүткөрүлүп, кабыл алынса Ирактын элине ишеним бере турган мыкты багыт болот. Ал эми Интернеттеги баракчалардын биринде “Ирактагы ал-Каида” деген топтун билдирүүсү пайда болду. Анда Ирактын Конституциясын даярдап жаткан комитеттин өкүлдөрүнө кол салуу болору айтылган. Билдирүүдө андан тышкары Ирактын мыйзамдарынын баары исламдын талаптарына гана баш ийдирилүүгө тийиш экендиги айтылган. Бейшембиде шиилердин ири саясий партиясынын лидери Абдул Азиз ал-Хаким өлкөнүн түштүгүндө шиилердин автономиясын түзүү керектигин билдирди.

XS
SM
MD
LG