Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:56

Таласта Конституциянын жаңы долбоору талкууланды


ТАЛАС. Демократияга колдоо көрсөтүүчү Таластагы маалымат борборунда өткөн талкууга облус борборундагы мамлекеттик структуралардын, коммерциялык жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү катышты. Талкуунун башталышында эле анын катышуучулары Конституциялык Кеңешменин курамына жана ал иштеп чыккан жаңы долбоорго ишеним көрсөтпөө боюнча саясий талаш-тартыш жүрө баштагандыгын жаман жышаан деп баалашты. Талкуунун катышуучулары Конституциянын эски жана жаңы редакцияларынын салыштырма долбоору менен иштешип, элүүгө жакын сунуш-пикирлер түштү. Мындан тышкары Конституциянын беренелеринин алкагында эркиндик жана зомбулук, адам укугун бийликтин зомбулугунан коргоо маселелери да көтөрүлүп, бул боюнча да түрдүү сунуштар айтылды.

XS
SM
MD
LG