Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:15

Урмат Барктабасов изделүүдө


БИШКЕК. «Мекеним Кыргызстан» кыймылынын жетекчиси Урмат Барктабасов учурда тартип коргоо органдары тарабынан изделүүдө. Бул тууралуу 12-августта Башкы прокуратурадан билдиришти. Буга чейин Урмат Барктабасовго Башкы прокуратура тарабынан өз ыктыяры менен келип, көрсөтмө берүү үчүн белгилүү мөөнөт берилген. Бирок Барктабасов адегенде өзүнүн адвокатын жиберип, өзү да Башкы прокуратурага келээри тууралуу айттырган. Бирок белгиленген мөөнөт ичи келбегендигине байланыштуу ага издөө жарыяланды. Урмат Барктабасовго 17-июнда Бишкекте орун алган окуяларга байланыштуу бийликти күч менен алууга аракет жасаган деген күнөө коюлууда.

XS
SM
MD
LG