Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:02

Темир жолчулардын нааразылык акциясы улантылууда


БИШКЕК. 12-августта Бишкекте Горькийдин эстелиги орнотулган аянтчада темир жолчулардын нааразылык акциясы улантылды. Бул күнү темир жолчулардын акциясын колдоп, бир катар укук коргоо жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү келишти. Аларды ушул эле күнү президенттин администрациясынын жетекчиси Үсөн Сыдыков жана биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Медетбек Керимкулов кабыл алды. Жолугушууга темир жол башкармалыгынын жетекчиси Кыдыкбек Исаев да катышты. Медетбек Керимкулов Кыдыкбек Исаевге тез арада нааразылык чарасына чыккан темир жолчулардын талаптарын угуп, маселени чечүүнү тапшырды. Темир жолчулардын башкы талабы – Кыдыкбек Исаевди кызматынан кетирип, анын ордуна конкурстук негизде, ачык жол менен адисти дайындоо. Бирок Кыдыкбек Исаев ээлеген кызматынан кетпей тургандыгы тууралуу нааразылык акцияда отургандарга билдирди. Ал эми акциянын катышуучусу Гүлнара Керимбаева коюлган талаптар аткарылбаса, 14-август күнү өзүн-өзү өрттөө акциясына чыга тургандыгын жарыялаган.

XS
SM
MD
LG