Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:45

Түштүктө туруктуулук толук орной элек


БИШКЕК. Кыргызстандын түштүк аймагында саясий, социалдык стабилдүүлүк толугу менен орнотула элек. Бул тууралуу 12-августта президенттин туштүк аймактагы толук ыйгарым укуктуу өкүлү Алманбет Матубаримов «Кабар» агенттигинде өткөн пресс-конференцияда билдирди. Анын пикиринде, учурда түштүктөгү облустардагы тартип коргоо органдарынын, өзгөчө Улуттук коопсуздук кызматынын чекара кызматынын бөлүктөрүнүн, атайын кызматтардын ишин күчөтүү зарыл. Анжиян окуясынан кийин кыргыз-өзбек чекарасын чыңдоо, ал жердеги чекара кызматынын ишин күчөтүү маселеси да күн тартибине коюлгандыгы тууралуу да маалымат жыйынында белгиленди. Матубраимовдун айтымында, азыр кыргыз-өзбек чекарасы аркылуу канча адам күнүгө өтүп тургандыгын тактап туруу өтө кыйын. Анткени, Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы макулдашууларга ылайык, коңшу өлкөнүн чекаралаш жерлеринде жайгашкан 18 районунун тургундары 5 күндүн ичинде Кыргызстандын аймагында визасыз жүрүүгө укуктуу.

24-марттагы ыңклаптан кийин Алманбет Матубраимов президенттин түштүк аймагындагы – Ош, Жалалабат жана Баткен облустарындагы толук ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган.

XS
SM
MD
LG