Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:46

Аземге катышууга коноктор келе баштады


БИШКЕК. 14-августка белгиленген Курманбек Бакиевдин президенттик кызматка киришүү аземине катышуу үчүн чакырылган коноктор Кыргызстанга келе баштады. Бирок алардын негизги бөлүгү 13-14-августта келмекчи. 13-августта Бишкекке Кытай, Тажикстан, АКШ, Беларус жана Россия, Чехиянын делегациясы келет. Ал эми 14-августка караган түнү Украина, Түркия, Европа коопсуздук жана кызматташуу уюмунун өкүлдөрү, таңда Өзбекстан делегациясы, андан кийин эрте мененки саат тогузда Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев келет. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. Курманбек Бакиевдин ант берүү аземи борбордун «Алатоо» аянтында өтмөкчү.

XS
SM
MD
LG