3-августта өкмөттүк комиссия мүчөлөрү Барскоон капчыгайында жол тосуп турган эл менен көзмө-көз сүйлөшүп, бир ай ичинде 9 маселени оңунан чечип берүүгө убада кылган. Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлиги мындан 7 жыл илгери болгон экологиялык кырсыктын жаратылышка тийгизген таасирин кылдат иликтеп, жыйынтыгын чыгарып берүүнү убада кылган. Аны министрдин милдетин аткарып аткан Жаныш Рүстөмбеков мындайча белгиледи:
- Биз эми адилеттүү, жакшы комиссия түзүп туруп мына мунун баарын комплекстүү текшерип беребиз. Эмнеси туура, эмнеси туура эместигин иликтеп беребиз. Комиссияга жергиликтүү элден да киргизебиз. Айыл өкмөтүнөн да кирсин. Алар келип анализ кандай жүрүп жатканын көрүп турушсун. Чындыгын айтып беришибиз керек.
«Кумтөр» алтын кен компаниясынын жетекчиси Эндрю Люис жергиликтүү эл коюп жаткан маселелер кылдат иликтенип, андан тийиштүү жыйынтыктар чыгарыларын билдирген:
- 7 жыл илгери болуп өткөн окуя тууралуу маалымат кимдир бирөөлөргө жетпей калгандыгын эске алып, өкмөттүк комиссия ортодогу талаштуу маселелерди оңуна чечет деген максатта биз анын ишине катышууну туура көрдүк. Экинчи жагынан, комиссия жергиликтүү эл, өкмөт , ошондой эле компания макул болчу чечимди кабыл алышы зарыл.
Өкмөт башчысынын биринчи орун басарынын милдетин аткаруучу Медетбек Керимкулов өкмөттүк комиссиянын алдында түзүлгөн жумушчу топтор апта сайын эл алдында кандай иштерди жасаганын айтып, бир айдан соң өзү баш болуп эл алдына келерин убада кылган.
- Мамлекеттик комиссиянын алдында 4-5 иш тобун түзөлү деп жатабыз. Анткени өзүңүздөр билесиздер, бул жерде баары министрликтер да. Алар күнүгө бул жакка келип тура алышпайт. Жумушчу топтoгулар болсо бул жерде болушат. Жатканы жатып, келгени келип, жума сайын бизге иш жыйынтыгын билдирип турушат. Бир айдын ичинде ушул комиссия менен жумушчу топторду алып, сиздердин алдыңыздарда убада берейин, бир айдан кийин ушул жерге келип жообун берели.
Барскоон капчыгайын өрдөп кетчү канжолдогу жыйындан бери туптуура 10 күн өттү. Бир ай ичинде 9 маселени оңуна чечүүгө убада кылган өкмөттүк комиссиянын иши кандай жүрүп жатканын сурап Жетиөгүз районунун Барскоон айылындагы «Карек» бейөкмөт уюмунун жетекчиси, өкмөттүк комиссиянын мүчөсү Эркингүл Иманкожоеваны кепке тарттык:
- Медиктер болсо дагыле иштеп жатышат. Алар 18-августка чейин иштеш керек. Алардын текшерүүсүнүн жыйынтыгы кийинчерээк билинет. Тоокен иштерин көзөмөлдөө боюнча эч кандай иш боло элек. Алар качан келерин да айтыша элек. Кандай иштерди жасай тургандыктары жөнүндө да маалыматтар жок. Ал эми Юстиция менен Каржы министрликтери биригип бир комиссия болушкан. Алар да азырынча эч нерсе айтыша элек. Алардан азырынча эч кандай маалымат жок. Жер боюнча дагы иштеп жатышат. 1998-жылы өлчөп, короодо канча бак бар, андан канча түшүм чыгыш керек эле, канча түп алма, өрүгү бардыгы тууралуу документтер бар экен. Ошолорду азыр көтөрүп жатышат.
«Кумтөр» алтын кенинин айланасында келаткан талаш 24-марттагы бийлик алмашуудан кийин Барскоон капчыгайына көчүп, 7 жылдан бери өкмөткө өктөсүн айта албай келаткан жергиликтүү калктын нааразылыгын ойготуп ийди. «Каракече» көмүр кенин жергиликтүү элдин ээлеп алышынан кийин ыңгайлуу келишимдин эсебинен ээн-жайкын ишин жүргүзүп келаткан «Кумтөр» алтын кен компаниясы Жетиөгүз районундагы 5 айылдын эли, жаңыланган кыргыз өкмөтү менен тил табышуунун аракетине өттү шекилдүү.
Кандай болгон күндө да талаштуу иш кантип чечилгени кийинки айдын башында белгилүү болмокчу. Ага чейин жаңы өкмөт түзүлүп ишке киришип калат. Койгон талаптары аткарылбаса барскоондуктар «Кумтөр» алтын кенине чейин жөө жүрүш уюштурууга кайыл экенин айтып келатышат.