Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:33

ЭМИ ШЕЙХ ОМАР БАКРИ БРИТАНИЯГА КАЙРА КЕЛҮҮГӨ ДААЙБЫ?


Радикал мусулман диниятчысы шейх Омар Бакринин Британиядан чыгып кеткени көптөгөн британ мусулмандарын кубандырды. Бакри “ал-Каиданын” башчысы Усама бин Ладенге суктанган билдирүүлөрдү жасап жана Ирак менен Ооганстандагы британ аскерлерине кол салган мусулмандарды колдоорун жашырбай айтып жүрчү. Бакри - өткөн ишемби күнү жыйырма жылдан бери биринчи жолу өлкөнү таштап, Ливанга учуп келди. Британ өкмөтү өткөн аптада терроризмге каршы күрөштү күчөтүү боюнча бир катар иш чараларды кабыл алгандыктан, айрымдар Бакри абакка түшүп калуудан этияттанып, өлкөнү таштап кетти дешүүдө. Ырасмий Лондон, ырасында эле, жума күнү Бакринин өлкөгө кайра киргизилбей турганын жарыя кылды.

Өткөн жума күнү шейх Омар Бакриден: “Лондондо 7-июлда болгондой чабуулга даярдык көрүлүп жатканын билсе, полицияга кабарламаксызбы?” деп сурашканда, ал:

- Жок. Эч качан, атүгүл кандайдыр бир чабуул жасаганы жаткан мусулмандар жөнүндө полицияга билдирбейм. Мен аларды токтотом.

Бакри ислам мусулмандар жөнүндө полицияга чагымчылык кылууга уруксат бербесин айтып, бирок 50дөн ашуун адамдын каны төгүлгөн Лондондогу чабуулду айыптады жана “террорчулукту токтотуу үчүн өмүрүмдү тобокелге салам” деди.

Ушул эле жума күнү Британ өкмөтү террорчулукка каршы күрөш күчөтүлгөнүн жарыя кылды. Премьер-министри Тони Блэрдин айтышынча, иш чаралар террорчулукту жактап, жек көрүүчүлүктү жайылткан топтор менен адамдарга каршы багытталган.

Бакри өз ишмердүүлүгүн токтоткон “ал-Мухажирун” деген уюшманын түптөөчүсү. Анын айрым мүчөлөрү 2001-жылдын 11-сентябрындагы чабуулду колдошкон.
Шейх өзү Тони Блэр тыйуу салмак болуп жаткан “Хизб-ут Тахрир” партиясы менен жакын алакада экени маалым.

Британиядагы мусулман уюмдары Бакринин өлкөдөн чыгып кеткенине кубанычта.

Гыязуддин Сыдыки - Улуу Британиянын Мусулмандар парламентинин төрагасы жана мусулман институтунун директору. Анын пикиринче:

- Менин оюмча, жалпы эл “Төрт жагы кыбыла” деген маанайда. Анткен менен, маселе Бакринин кайтып келээр-келбесинде. Биз ал барган жеринде калат деген ишеничте болушубуз керек. Анын кайтып келээр-келбес, бүтүндөй өкмөттун эркинде экени анык.

Британиянын мусулмандар кеңешинин өкүлү Инаят Бунглаваланын баамында, Омар Бакринин маалымат каражаттарындагы “опсуз сөздөрү” өлкөдө жашаган мусулмандарды жаманатты кылган:

– Биз ал кайтып келбейт деген үмүттөбүз. Биз анын эс алганы гана кеткенин уктук. Биз анын Ливанда калышын жана өзү каралап жүргөн өлкөнү уландыруу үчүн кайра келбесин абдан каалайбыз.

Ал эми “ал-Мухажирун” уюмунун мурдакы башчысы Анжем Чудари шейх Бакри жана башка ал сыяктуу диниятчыларды коргоп, алардын жаманатты болуп кетиши өздөрүнө байланыштуу деген ойдо:

- Менин оюмча, биздин уламалар менен даанышмандардын мындай жол менен берегидей касиетке ээ болушу өкүнүчтүү. Алар чөт өлкөдө калууга мажбурланыш же бул өлкөдө абакка салынасын деп коркутулуш керек.

“Улуттук кеңеш жарандык эркиндик үчүн” уюмунун өкүлү Дуг Йевелл Британиянын азыркы мыйзамдары Бакри сыяктуу экстремистчил диниятчыларды жоопко тартканга толук мүмкүндүк берет деген пикрин айтат:

- Маалымат каражаттары жазгандай “жек көрүүчүлүктү жайылткан диниятчылар” жөнүндө акыркы эки жумада көп сөз болду. Террорчулукка түрткүлөгөн же зомбулукка аралашкан же аларды уюштурган адамдар күнөө жасашса, алар тийиштүү жазасын алыш керек. Ал үчүн мыйзам бар.

Бирок, вице-премьер Жон Пресскоттун сөзүнчө, Бакри эч кандай кылмыш жасабагандыктан, өлкөгө кайтып келе берсе болот:

- Мен түшүнгөнгө караганда, Бакри азыркы мыйзамдар боюнча ага чара колдонгудай кылмыш жасаган эмес. Мен ага: “Жыргап эс ал. Узак эс ал”, - деп айткым келет.

Омар Бакри айтканга караганда, ал өкмөт өзү сыяктуу диниятчыларга кысым кылып, жаңы катаал мыйзам кабыл алат жана мусулман жамаатына кысым көрсөтөт деп чочулап, Британиядан чыгып кеткен.
XS
SM
MD
LG