БИШКЕК. Москвада ажыратылган сиам эгиздер Зита менен Гитага шайланган президент Курманбек Бакиевдин жарлыгы менен 1 миң доллар жардам бөлүндү. Вице-премьердин милдетин аткаруучу Ишенгүл Болжурова бул каражатты Сокулук районунун Жаңыжер айылындагы үйүнө алып барып, кыздарга тапшырды. 12 жаштагы Зита менен Гита Резахановалар эки жыл мурда Москвадагы Филатов атындагы оорукананын хирургдары тарабынан ажыратылган. Мокванын жанындгаы Дмтровка мектеп- интернатында окуп жаткан кыздар учурда Кыргызстанда каникулда жүрүшөт. Ал эми байланыш операторлор ассоциациясы “Зита менен Гита үчүн элден миллион” деп аталган кайрымдуулук акциясын башташты.